«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
31-июлга чейин. Кыргызстан мыйзамсыз мигранттарга өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү үчүн бир ай убакыт берди
01.07.2026 | 16:46

Кыргызстандын миграция мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүнүн убактылуу тартибин пайдалана алышат, деп билдирет Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги.
Мекемеден белгилешкендей, бул учурда айып пулду, өлкөдөн чыгуу визасын жол-жоболоштуруу үчүн мамлекеттик алымды төлөөнүн кажети жок, ошондой эле республикадан чыгып жатканда эч кандай тоскоолдуктар жаралбайт. Бул үчүн ИИМдин (Ички иштер министрлигинин) аймактык бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү чечимди алуу керек. Андан соң керектүү документтерди тиркеп, e-Visa порталы аркылуу өлкөдөн чыгуу визасын жол-жоболоштуруу зарыл.
Убактылуу тартип кылмыш иши козголгон, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими, төлөнбөгөн айып пулдары же салык карызы бар чет өлкөлүк жарандарга колдонулбайт.
Эмгек министрлиги баса белгилегендей, бул чара чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу (легалдаштыруу) болуп саналбайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом