Эксклюзив

Бишкектеги хостелдердин топтому: коворкинг, капсулалар, халал хостелдер

01.07.2026 | 16:00
Бишкектеги хостелдердин топтому: коворкинг, капсулалар, халал хостелдер — Новости Кыргызстана

Бишкек миңдеген саякатчыларды өзүнө тартат: алардын арасында жөнөкөй туристтер, өз алдынча жүргөн саякатчылар жана эс алууну жумушу менен айкалыштырган санариптик көчмөндөр бар. Алардын көбү Кыргызстандын борборунда жашаш хостелдерди тандашат. Бул жерде дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген жаңы адамдар менен таанышууга, жашаганга кеткен акчаны үнөмдөп, аны көбүрөөк сувенирлерге жана Кыргызстанды кыдырууга жумшоого болот. Reporter.kg сиздерге Бишкектеги саякатта же жөн гана жай алмаштыруу үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн болгон кызыктуу хостелдердин топтомун сунуштайт.

People Hostel & Coworking

Бишкектин борборунда жана түштүк кичи райондоруна жакын жерде жайгашкан хостелдер тармагы. Филиалдарга жараша бөлмөлөрдө 2ден 10го чейин орун бар, топ менен же жалгыз 24/7 режиминде жайгашууга болот. Бул жерде бир сутка гана эмес, бир жума, бир ай же андан көп убакытка да жашаганга мүмкүн. КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын гана эмес, Европа, АКШ, Түштүк Америка, Азия жана Африкадан келген конокторду да кезиктирүүгө болот, бул англис жана башка тилдерди үйрөнүп, сүйлөшүүгө жакшы шарт түзөт. Тармак өзүн аталышында чагылдырылгандай — «адамдар үчүн демократиялуу хостел жана коворкинг» катары көрсөтөт. Бул жерде жалгыз калуу кыйын, эгер кошумча төлөп, өзүнчө бөлмө алып, андан чыкпай койбосоңуз гана.

Бишкектеги хостелдердин топтому: коворкинг, капсулалар, халал хостелдер — Новости Кыргызстана

Артыкчылыктары:

  • коворкингдер (филиалдардын биринде коворкингге хостелдин коноктору гана эмес, сырттан келгендер да кире алышат);
  • конференция залын ижарага алуу;
  • чакан туристтик агенттик: кошумча акы үчүн сизди Бишкек ичинде жана андан тышкары жерлерге экскурсияга алып барышат;
  • коноктор үчүн ар кандай иш-чаралар: йога, пикниктер, жарманкелер, тематикалык кино көрсөтүүлөр, мастер-класстар, үстөл оюндары кечелери.

Баасы: суткасына 1000 сомдон баштап (филиалга жараша).

Compass Hostel

Бишкектин борборунда жайгашкан хостелдер тармагы өзүн тынч «үйдөн алыстагы үй» катары көрсөтөт жана 24/7 бою кардарларды кабыл алат. Бөлмөлөр 2ден 10го чейин орунга ылайыкталган, аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө бөлмөлөр, ошондой эле үй-бүлөлүк бөлмөлөр бар. Бир суткага жана андан көп убакытка жайгашууга болот, ал эми бир айлык жашоо мүмкүнчүлүгү филиалдардын биринде гана каралган. Негизги басым коноктордун тынчтыгына жана эс алуусуна жасалгандыктан, бул жерде алар үчүн атайын активдүүлүктөр дээрлик жок.

Артыкчылыктары:

  • ар бир филиалдын өзүнүн өзгөчөлүгү бар: бири жаштарга, экинчиси үй-бүлөлөргө, үчүнчүсү туристтер тобуна, бизнес-делегацияларга, спорттук командаларга ылайыкташкан;
  • коворкингдер жана лобби;
  • видео оюндардын коллекциясы;
  • конференция залын ижарага алуу;
  • Бишкектин конокторуна сунушталган жерлер жазылган мини-карта;
  • филиалга жараша күнү-түнү кайтарылган автоунаа токтотуучу жай.

Баасы: суткасына 1200 сомдон баштап (филиалга жараша).

Ai hostel

Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан мусулман хостели, ал мейманкана ишиндеги бардык халал стандарттарын сактоо менен иштейт. Бул жерде ислам динин кармангандар үчүн ар бир бөлмөдө зарыл болгон шарттар бар. Нике күбөлүгү жок эркек менен аялды бир бөлмөгө жайгаштырбайт, эркектер жана аялдар үчүн бөлмөлөр өз-өзүнчө бөлүнгөн, алкоголь жана тамекиге тыюу салынган.

Бишкектеги хостелдердин топтому: коворкинг, капсулалар, халал хостелдер — иллюстрация

Бул жерде 2-4 орундуу бөлмөлөргө жайгашууга, ошондой эле бир суткадан тартып жана андан узак жашоого болот. Бирок номерди алдын ала брондогон жакшы, анткени хостел кыйла популярдуу. Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тургундарын гана эмес, башка өлкөлөрдөн келген мусулман туристтерди да жолуктурууга болот.

Артыкчылыктары:

  • хостелдин аймагында намазкана бар;
  • коноктордун өтүнүчү боюнча хостелдин ашканасында халал тамак-аш уюштурулат;
  • акысыз кайтарылган жабык унаа токтотуучу жай;
  • бөлмөлөрдө жеке душтун болушу.

Баасы: суткасына 700 сомдон баштап (жайгашууга жараша).

Roof hostel

Бишкектин борборунда 13-кабатта жайгашкан капсулалык хостел. Кабыл алуу 24/7 бою жүрөт, бөлмөлөр капсулалык кабиналардан тартып 4 орундуу бөлмөлөргө чейин каралган. Эркектер менен аялдар бөлөк жашашат, КМШ өлкөлөрүнөн келген чет элдиктер көп. Өзгөчө көңүл ачуулар каралган эмес, бирок лоббиде баарлашууга, кино көрүүгө же үстөл оюндарын ойноого болот. Концепциясы жөнөкөй: «чатырдагы кичинекей үй».

Артыкчылыктары:

  • террасадан Бишкектин кооз көрүнүшү ачылат;
  • коворкинг;
  • өзүнчө VIP-бөлмө.

Баасы: суткасына 1100 сомдон баштап (жайгашууга жараша).

ololoYurt

Бул этнохостел «ololo» креативдүү хабында жайгашкан жана Бишкектин борборуна караганда түштүк кичи райондоруна бир аз жакыныраак. Ичи боз үйдүн жаңыча заманбап жасалгасы менен кооздолгон. Төрдө шырдактар, бурчтарда колго жасалган сеп сандыктар, дубалдарда туш кийиздер жана Кыргызстандын тарыхына байланыштуу арт-объектилер жайгашкан.

Бишкектеги хостелдердин топтому: коворкинг, капсулалар, халал хостелдер — контекст события

Хостел санариптик көчмөндөргө да, кыргыз маданияты менен жакындан таанышууну каалагандарга да ылайыктуу. «People» хостелиндегидей эле, бул жерден КМШ өлкөлөрүнөн тышкары мамлекеттерден келген көптөгөн чет элдиктерди жолуктурууга болот. Кабыл алуу 24/7 бою жүрөт, бөлмөлөр бир орундудан алты орундууга чейин, жашоо мөөнөтү бир суткадан бир нече жумага чейин созулушу мүмкүн.

Артыкчылыктары:

  • өзүнчө кошумча акы үчүн эртең мененки тамак берилет;
  • күнү-түнү (24/7) жеткиликтүү опенспейс (ачык иш бөлмөсү) жана жумушчу чалуулар үчүн жеке кабиналар;
  • кыргыз маданиятынын элементтери камтылган интерактивдүү зоналар;
  • «ololo»догу коноктор жана башка каалоочулар үчүн иш-чаралар: кино көрсөтүүлөр, фестивалдар, мастер-класстар, ийгиликтүү ишкерлердин, креаторлордун, психологдордун лекциялары, адабий кечелер. Бул жерден пайдалуу жана кызыктуу бизнес-байланыштарды түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар.

Баасы: суткасына 1300 сомдон баштап (жайгашууга жараша).

Эскертүү: хостелдердин баасы жана кызматтары тууралуу маалымат материал жарыяланган учурга карата актуалдуу болуп саналат. Эгер сиз орунду брондогуңуз, баалар жана кызматтар боюнча кошумча маалымат алгыңыз келсе, хостелдердин менеджерлерине түз кайрылууңуз зарыл.

Елена Короткова

Теги: туризм
Scroll to Top