Ош шаарында 110 орундуу медициналык борбор ачылды

05.10.2026 | 14:26
Ош шаарында 110 орундуу медициналык борбор ачылды — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 5-октябрда, Ош шаарында «Клиника Ош» медициналык борбору пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы жана медицина кызматкерлери катышты.

Ош мэриясынын маалыматында, борбор 110 бейтапка ылайыкталган жана мекемеде 120 жумуш орду түзүлгөн. Клиника кардиология, кардиохирургия, неврология, нейрохирургия, урология, гинекология жана жалпы хирургия багыттары боюнча дарылоо жүргүзөт.

Долбоор Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылган. Борбор Ош шаарынын жана түштүк аймагынын тургундарына медициналык жардам көрсөтүп, бейтаптардын чет өлкөгө барып дарылануу зарылдыгын азайтууга багытталган.

Калаа башчысы Жанарбек Акаев: «Бул долбоор Кыргызстан менен Азербайжандын достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жакшы үлгүсү. Клиниканын ишке кириши менен түштүк аймагынын тургундары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү кеңейет», — деп билдирген ачылыш аземде.

Scroll to Top