Жайылда 35 тонна дизелдик май ташыган бензовоз кырсыкка кабылып, Кара-Балта дарыясын булгады

2026-жылдын 30-сентябрында Чүй облусунун Жайыл районунда жалпы көлөмү 35 тонна дизелдик май ташып бараткан бензовоз жол кырсыгына кабылды.
Кырсыктын кесепетинен дизелдик май агып чыгып, жер тилкеси мунай заттары менен булганып, айлана-чөйрөгө зыян келтирилген. Мындан тышкары, агып чыккан күйүүчү май Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектиси мунай заттары менен булганган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө жооптуу адам аныкталды. Булгануунун мүнөзүн жана деңгээлин аныктоо үчүн Экологиялык мониторинг департаментинин адистери булганган жерлерден топурак жана суу үлгүлөрүн алышты. Үлгүлөр лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.
Текшерүүнүн жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгы тиешелүү укуктук баа берет. Мыйзамда белгиленген негиздер аныкталган учурда жооптуу тарапка карата административдик укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлөт.

Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жердин бузулушуна жана Кара-Балта дарыясынын булганышына байланыштуу келтирилген экологиялык зыяндын өлчөмү белгиленген тартипте эсептелип, анын ордун толтуруу боюнча талаптар коюлат. Зарыл болгон учурда зыяндын ордун толтуруу сот аркылуу талап кылынат.
Зыяндын өлчөмү лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, булганган жер тилкесинин аянты, суу объектисинин булгануу деңгээли, айлана-чөйрөгө иш жүзүндө төгүлгөн дизелдик майдын көлөмү жана кырсыктын башка жагдайлары эске алынуу менен аныкталат.