Садыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

01.10.2026 | 17:21
Садыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды — Новости Кыргызстана
Садыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды — иллюстрация
Садыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды — контекст события
Садыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды — фото 4

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында SpaceX компаниясынын Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы өндүрүштүк комплексине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Америкалык ишкер, миллиардер Илон Маск негиздеген SpaceX ишканасы космос тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат жана дүйнөдөгү эң кымбат технологиялык компаниялардын катарына кирет. Компания ракета алып жүрүүчүлөрдү, космостук кемелерди жана спутниктерди иштеп чыгат жана өндүрөт, учкучтуу космостук учууларды ишке ашырат жана Starlink глобалдык спутниктик байланыш системасын өнүктүрөт.

Садыр Жапаров космостук техникаларды чогултуу бөлүмдөрүнүн иши жана ракета алып жүрүүчүлөрдү кайрадан пайдалануу технологиялары менен таанышкан. Ошондой эле учууларды башкаруу борборунда болуп, космостук миссияларды көзөмөлдөө системасын жана скафандрларды көргөн.

Сапардын алкагында президентке Starlink системасынын спутниктери да көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө орбитада 10 миңден ашык Starlink аппараты бар. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын май айында пилоттук долбоордун негизинде аталган спутниктик интернет кызматы ишке киргизилген.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин космоско чыгара турган SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсүн учуруу 1-октябрга пландалган. Ишкананын ички тартибине ылайык, өндүрүштүк комплекстин айрым бөлүктөрүндө фото жана видео тартууга чектөө коюлган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу иш-чарасына катышуу үчүн АКШнын Лос-Анжелес шаарына барган.

Scroll to Top