Бишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайы
Ош жана Жалал-Абад: Директорлукка талапкерлер сынак тапшырды
01.12.2022 | 09:00
Ош жана Жалал-Абад облусунда, 30-ноябрда, мектеп директору кызматына талапкерлер сынак тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги.
Маалыматка караганда, компьютердик тестирлөөгө Ош облусунда 155 талапкер, Жалал-Абад облусунда 112 талапкер катышты.
“Ага чейин тандоого катышуу үчүн Ош облусунда 208 киши документтерин жиберип, алардын ичинен 163 киши тестирлөөгө катышуу укугун алган, Жалал-Абад облусунда – 140 талапкер документин жиберип, 120сы катышуу укугуна ээ болгон”, – деп билдирет министрлик.
Ош облусунда компьютердик тестирлөөдө 60 пайыздык чектен 55 талапкер өттү, Жалал-Абад облусунда – 39.
Кошумчалай кетсек, Ош облусунда – 101, Жалал-облусунда – 105 ваканттык орун бар болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Коом