Аялын сабап, балдарын өлтүрөм деп коркуткан кишиге өкүм чыкты

Аялын сабап, балдарын өлтүрөм деп коркуткан кишиге өкүм чыкты

Балдарын өлтүрүп, өз өмүрүмө кол салам деп коркутуп, токмоктогон аялын кайтып келүүгө мажбурлаган адам боюнча чыккан соттун өкүмү жабырлануучу тарабынан даттанылды. Бул тууралуу «Сезим» кризистик борборунун юристи Ракыя Рахматова билдирди.

Анын айтымында, райондук соттордун бири бул айыпталуучу кишиге карата өкүм чыгарып, зордук-зомбулукка күнөөлүү деп таап, ага айып пул салган.

“Биз бул өкүмгө макул болбой, облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылдык. Ага тагылган айыпты «Кыйноо» беренесине кайра классификациялоону суранабыз. Анткени зордук-зомбулук бир нече жолу кайталанган. Кылмыш-жаза кодексинде бул беренени колдонуу үчүн зомбулук жасаган адам мурда эки же андан көп жолу зомбулук көрсөткөнү үчүн жоопко тартылып, соттун өкүмү болгон болушу керек. Бизде бир соттун өкүмү бар. Ал эми экинчиси болот», — деди жактоочу.

Анын айтымында, кыйноо бардык жерде бар, бирок мыйзам боюнча бул кылмыштардын бири да «кыйноо» беренесине кирбейт.

«Ошондуктан биз өкүм боюнча аппеляциялык тартипте даттандык жана сот ишти кошумча тергөөгө жөнөтөт деп үмүттөнөбүз, андан кийин аны кыйноолор боюнча кайра классификациялай алабыз», — деди Рахматова.

Эске салсак, жактоочу бул окуя тууралуу ушул жылдын июль айында маалымат жыйында билдирген. Рахматованын айтымында, кризистик борборго кайрылган аялдын биринин күйөөсү аны ур-токмокко алган, ошондуктан ал балдарын алып, күйөөсүнөн кетүүнү чечкен.

«Бирок ал киши аялын жана балдарын тоого алып чыгып, аларды жана өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Мындан улам аял ага кайтып келген, бирок сегиз айдан кийин аны кайра катуу сабап салган», — деди жактоочу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>