Эксклюзив

13 жаштагы кыргызстандык БУУга космосту таштандыдан тазалоо долбоорун сунуштады

26.08.2026 | 16:56
13 жаштагы кыргызстандык БУУга космосту таштандыдан тазалоо долбоорун сунуштады — Новости Кыргызстана

Кыргызстандык 13 жаштагы мектеп окуучусу Нуртилек Турдубеков Жердин айланасындагы космостук мейкиндикти таштандыдан тазалоо боюнча долбоор иштеп чыгып, өз идеясын БУУга жөнөткөн. Окуучунун айтымында, анын долбоору кызыгуу жаратып, эл аралык конференцияда тааныштыруу сунушталган.

«Жакында алардан расмий жооп алдым. Менин идеям аларды кызыктырып, Кыргызстандын элчилигинин көмөгү менен эл аралык конференцияда презентация жасоону сунушташты», — деди Нуртилек.

Окуучу орбитадагы космостук таштандыларды чогултуп, жок кыла турган атайын спутник түзүүнү сунуштап жатат. Анын идеясы боюнча аппарат бир нече этап менен иштейт.

Алгач спутник лазердин жардамы менен космостук таштандылардын майда бөлүктөрүнө таасир этип, аларга электр зарядын берет. Андан кийин атайын түзүлүш бул бөлүкчөлөрдү өзүнө тартып, аппараттын ичине чогултушу керек.

Кийинки этапта чогултулган таштанды кайра иштетилет. Нуртилек аны жогорку температурада ысытып, чакан брикеттерге пресстөөнү сунуштайт. Андан соң брикеттер Жерди көздөй багытталып, атмосферага киргенде күйүп кетиши керек.

Бул идеянын айрым элементтери окумуштуулар космостук таштандылар менен күрөшүү үчүн изилдеп жаткан технологияларга окшош. Мисалы, майда сыныктарга лазер менен таасир этип, алардын орбитасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү изилденип келет. Ошондой эле ири объектилерди кармап, атмосферага багыттап жок кылууга жөндөмдүү аппараттар иштелип чыгууда. Европалык космос агенттиги, мисалы, орбитадагы объектти алып салууга багытталган ClearSpace-1 миссиясынын үстүндө иштеп жатат.

Бирок Нуртилек сунуштаган схема азырынча концепция гана. Мисалы, электр заряды берилген космостук таштандынын бардык түрүн кадимки магнит менен тартып алуу мүмкүн эмес. Сыныктар ар кандай материалдардан тургандыктан, аларды чогултуу үчүн татаалыраак технология талап кылынат. Ал эми таштандыны спутниктин ичинде эритип, пресстөө көп энергияны жана кошумча жабдууларды талап кылат.

Ошол эле учурда долбоордун негизги идеясы — орбитадагы кооптуу объектилерди чогултуп, аларды атмосферага коопсуз багыттап жок кылуу — космостук таштандылар менен күрөшүүдө адистер иштеп жаткан багыттардын бири.

Эми Нуртилек өз долбоорун эл аралык аянтчада тааныштырып, сунуштаган системасы тууралуу кененирээк айтып берүүнү көздөп жатат.

Теги: оон
Scroll to Top