Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кырчын капчыгайында кайсы иш-чаралар өткөрүлөт

26.08.2026 | 16:59
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кырчын капчыгайында кайсы иш-чаралар өткөрүлөт — Новости Кыргызстана

1-5-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн Кырчын капчыгайында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ар түрдүү маданий жана спорттук иш-чаралар өтөт. Программалар капчыгайдын «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасында уюштурулат. Бул тууралуу ДКОнун медиаштабы кабарлады.

Маданий иш-чаралардын графиги төмөндөгүдөй:

  • 1-сентябрь: «Этно-Базардын» ачылышы, кол өнөрчүлөрдүн жана ашпозчулардын мастер-класстары, улуттук тамак-аш презентациялары жана «Шамал-фест» өтөт.
  • 2-сентябрь: Маданий программанын ачылышы жана «Дүйнө-Өмүр» театралдаштырылган көрсөтүүсү болот. Этно-бурчтарда «Мыкты кыргыз боз үйү», «Көчмөндөр даамы» жана «Уз-уста» сынактары башталат.
  • 3-сентябрь: «Көчмөн кайрык», «Бий ыргак» жана «Саркеч» сынактары улантылат. «Тушоо кесүү» жана «Хан көтөрүү» каада-салттары көрсөтүлөт.
  • 4-сентябрь: «Ырчылардын ыр эрөөлү» айтышынын, боз үй тигүү боюнча «Шамдагайлар» сынагынын жана «Жашоо жарыш» эстафетасынын финалдык бөлүгү өтөт. Ошондой эле «Кыз-жигит Сармерден» программасы уюштурулат.
  • 5-сентябрь: Маданий программанын жабылыш аземи, концерт жана сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт.

Мындан тышкары капчыгайда 1-сентябрдан 5-сентябрга чейин спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча мелдештер жана көрсөтмөлүү оюндар өткөрүлөт:

  • Ат марафону жана ордо;
  • Жаа атуу (үч стиль боюнча);
  • Салбуурун (бүркүт жана куш салуу);
  • Таяк тартыш, аркан тартыш жана күрөш;
  • Стронгмен жана армрестлинг.
Scroll to Top