Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

01.06.2026 | 09:29
КР Президенти Садыр Жапаров

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун толук тексти:

«Кымбаттуу балдар!

Сиздерди чын жүрөктөн көптөн күткөн Балдарды коргоонун эл аралык күнү – бактылуу балалыктын майрамы менен куттуктайм!

Балалык – адамдын жашоосундагы эң жарык, эң таза жана эң бактылуу мезгил. Дал ушул убакта бала дүйнөнү таза жүрөгү, чексиз ишеними жана чоң кыялдары менен кабыл алат.

Силердин шыңгыраган күлкүңөр, чын ыкластуу сезимиңер, балалык кыялыңар жана умтулууңар биздин жашообузду көрккө бөлөп, өлкөбүздүн келечегине үмүт берет. Бүгүн силер жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн доорунда өсүп жатасыңар. Билимге умтулган, дүйнө таанымы кең жана өз Мекенин сүйгөн жаш муун – Кыргызстандын эң чоң байлыгы жана келечеги. Ошондуктан ар бириңердин терең билим алып, тарбиялуу, эмгекчил жана мекенчил адам болуп өсүшүңөр абдан маанилүү.

Ар бир бала – бул өзүнчө талант, бүтүндөй бир дүйнө. Кимдир бирөөңөр чыгармачылыкка, кимдир бирөөңөр илимге, дагы бириңер спортко же техникага кызыгасыңар. Эң башкысы – өз жөндөмүңөрдү жана талантыңарды аярлап өстүргүлө, кызыгууңарды кеңейткиле. Көбүрөөк китеп окугула, билимге көбүрөөк умтулгула жана алдыңарга бийик максаттарды коюудан коркпогула, анткени келечекте биздин өлкөнү өнүктүрүү жана Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалоо дал силердин колуңарда.

Урматтуу ата-энелер!

Балага татыктуу тарбия жана терең билим берүү – бул улуттун келечегине инвестиция салуу дегенди билдирет. Балдарды бактылуу балалыктын жана мээримдин курчоосунда өстүрүү – биздин жалпы ыйык милдетибиз. Мээримге бөлөнүп, жакшы тарбия алган бала өлкөнүн чыныгы жараны болуп жетилет.

Мамлекет мындан ары да балдардын келечеги үчүн бардык шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурат, анткени балдардын кубанычы – бул өлкөнүн кубанычы, ал эми алардын жаркын келечеги – биздин мамлекетибиздин бекем келечеги.

Кымбаттуу балдар!

Мекенге болгон сүйүү, улууларды сыйлоо, чынчылдык, боорукердик жана эмгекчилдик — күчтүү мамлекеттин негизи. Жана дал силер – ушул күчтүү мамлекеттин келечегисиңер.

Кыялыңар дайыма бийик болсун! Жүрөгүңөр жакшылыкка, ал эми жүзүңөр жылмаюуга толуп турсун!

Ар бир кадамыңар чоң ийгиликтерге алып барышын, ата-энеңердин, жакындарыңардын жана жалпы өлкөбүздүн сыймыгы болушуңарды чын дилимден каалайм.

Майрамыңар менен!»

Scroll to Top