Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
25.11.2024 | 16:25
Ош шаарында Курманбек Пирманов аттуу жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, аларга шаар тургуну кайрылып, Курманбек аттуу киши үйүнүн жанындагы документи жок жер тилкеге “мамлекеттик акт жасап берем” деп 300 миң сом алып, алдап качып жүргөнүн билдирген.
Аталган факт “алдамчылык” беренеси менен каттого алынып, шектүү издөөгө алынган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Курманбек П. кармалган.
Милиция Курманбек П.нын ушул сыяктуу башкы фактыларга катышы бар экени аныкталгандыктан, ага алданган жарандар болсо, 0559-44-97-97 же (03222) 4-82-82 номерине кабар берүүсүн суранат.