Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Кеминде мыйзамсыз курулуп жаткан завод аныкталып, айып пул салынды
25.06.2026 | 10:18

Курулуш министрлиги Кемин районунун Хутор 4 аймагында мыйзамсыз курулуп жаткан заводду аныктады. Текшерүүнүн жүрүшүндө «Комбикорм заводу» тиешелүү уруксат кагаздары жок курулуп жатканы белгилүү болгон.
Мекеменин маалыматында, аталган объект ошондой эле мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбаганы такталган. Бул аракеттер «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптарына каршы келет.
Мыйзам бузуулардын негизинде «БМ» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилген. Министрлик курулуш компанияларын техникалык талаптарды жана мыйзамдарды так сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Курулуш министрлиги