Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайга стент коюлду
06.07.2023 | 13:40
Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайга стент салуу боюнча операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, операция Ош шаарындагы кыргыз-орус клиникасынын базасында жүргүзүлдү.
“Ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен өлкөнүн башкы кардиохирургиялык борборунан кардиохирургдар, перфузиологдор, анестезиологдор, эндоваскулярдык хирургдар бригадасы келишти”, – деп айтылат маалыматта.
Мындай операциялар башка өлкөлөрдө кеңири жасалып келет. Ал эми кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайга биринчи жолу жасалды.
Учурда баланын абалы туруктуу деп бааланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом