Ошто газ баллон жарылып, бир адам каза болду. Милиция териштирүүдө

Ошто газ баллон жарылып, бир адам каза болду. Милиция териштирүүдө

Ош шаарында тамактануучу жайда газ баллон жарылып бир жаран каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-июль күнү болжол менен саат 16:00до милициянын нөөмөт бөлүмүнө А. Мамыров көчөсүндөгү тамактануучу жайда жарылуу болуп, бир киши каза болгондугу тууралуу телефон аркылуу кабарланган.

Окуя болгон жерге Ош шаардык милициянын жетекчилиги, ыкчам-тергөө тобу барып, тиешелүү материалдар чогултулуп, кароо жүргүзүлгөн.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, тамактануучу жайда газ баллон жарылып, натыйжада Ош облусунун 36 жаштагы Ш.Н. аттуу тургуну каза болгон.

Аталган окуя каттоого алынып, иликтөө иштери башталды.

«Окуянын келип чыгуусун аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп билдирет милиция.

Ошондой эле, милициядан белгилешкендей, тамактануучу жайда иштеген кызматкерлер суракка алынып келип, жооптуу жетекчилердин жоопкерчилиги дагы каралууда. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>