Ошто коронавирустан дагы 2 адам каза болду

06.04.2020 | 10:48

Өткөн суткада Ош облусунда COVID-19 инфекциясынан 2 адам көз жумду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирустан жалпы 4 адам каза тапты.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 216 адамга жукту. Алардын 10у оорудан айыккан, дагы илдеттен айыккан 23 адамды бейтапканадан чыгаруу пландалууда.

 

Scroll to Top