Өкмөткө жалгыз бой энелерге бала багуучу жалдап берүү сунушталды

Өкмөткө жалгыз бой энелерге бала багуучу жалдап берүү сунушталды

Башталгыч класстардын окуучулары, 10 жашка чейинки балдарга  онлайн режимде сабакка катышуу оор. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов билдирди.

Ал Бишкекте өтө турган иш-чараларга байланыштуу мектептерди  онлайнга өткөрүү адатка айланып калганын сынга алып, жарандарга ыңгайсыздык жаратпаган чечимдерди кабыл алууну сунуштады.

“Айрыкча жалгыз бой энелерге кыйынчылык болот. Алар эмне кылыш керек? Жумуштан суранып, баласы менен үйдө калса, Эмгек кодекси боюнча ал иш күнү эсептелбей калат. Баласын жалгыз калтыра  албай, өзү менен дагы кошо алып кете албайт. Андыктан Министрлер кабинеты жалгыз бой энелерге бала багуучу жалдап, анын акысын төлөп берсин. Балким экинчи жолу мындай чечим кабыл аларда жакшылап ойлонушат”, — деди Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, эртең Бишкекке Россиянын президенти Владимир Путин расмий иш сапар менен келет. 13-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммити өтөт. Ага байланыштуу борбор каалада мектептер онлайн окууга өткөрүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>