Ошто салыкчылар сыйланды

Ошто салыкчылар сыйланды

Бүгүн, 3-июлда Ош шаарында Салык кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Рахманберди Аданов жана салык кызматкерлери катышты.

Куттуктоо сөзүндө Бакытбек Жетигенов кесип ээлеринин оор, жоопкерчиликтүү ишин, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө кошкон алгылыктуу салымын белгилеп, ардактуу кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, эмгек жолунда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди мэриянын атынан Ардак грамоталары менен сыйлады.

Белгилей кетсек, жыл сайын 1-июлда салык кызматынын бардык кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>