Ошто теннис боюнча эл аралык өспүрүмдөр мелдеши өтүүдө
Ошто беш өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда ATF сериясындагы теннис боюнча эл аралык өспүрүмдөр мелдеши өтүүдө.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, мелдеш 4-майдан 8-майга чейин Кыргызстандын Теннис федерациясынын жана Азия теннис федерациясынын (ATF) алдында, Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Гонконг, Индия жана Өзбекстандан келген 60ка жакын өспүрүм катышууда. Спортчулар жеке жана жуптук разряддарда күч сынашууда.

Уюштуруучулар белгилегендей, мелдешти өткөрүүнүн максаты — балдар жана өспүрүмдөр теннисин өнүктүрүү жана жаш спортчулардын оюн тажрыйбасын жогорулатуу. Турнир жыл сайын өтүүчү статус алганы кабарланууда. Мындан тышкары, сентябрь айында теннис боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы чемпионатын өткөрүү пландалууда.
Ошондой эле келерки жумада Ысык-Көлдүн жээгинде ITF жана ATF алдында эл аралык турнирлердин сериясы башталары белгиленди.