Минскте кыргызстандык жоокерлерди эскерүү митинги өттү
Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Минск шаарындагы эскерүү митингинде (митинг-реквием) Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктардын эрдигин унутпай сактоонун маанилүүлүгүн билдирди.

Султанбаевдин маалыматы боюнча, эскерүү митинги Жеңиш күнүнүн алдында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигинин жанында өттү.

Султанбаев белгилегендей, Кыргызстан башка союздук республикалар менен биргеликте фронтко 360 миңден ашык адамын жөнөткөн, ал кезде республиканын калкынын саны 1,5 миллионго жакын болгон.

Анын айтымында, көптөгөн кыргызстандык жоокерлер согуш талааларында каармандык жана баатырдык көрсөтүшкөн. Чыгып сүйлөгөндө дипломат советтик жоокерлердин ичинен биринчилерден болуп душмандын дзотунун ок тешигин (амбразурасын) денеси менен жапкан Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин эске салды. Ал бул эрдиги үчүн курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон.

Ошондой эле ал артиллерист Даир Асановдун эрдигин белгиледи. Ал курчоодо калганына карабай, душмандын сегиз танкын, алты бронемашинасын жана 40тан ашык аскерин жок кылган.

Элчи Жумаш Асаналиевдин эрдигине өзгөчө токтолду. Ал 19 жашында фронтко чакырылып, 1944-жылдын июнь айында Белоруссияны бошотуу үчүн болгон салгылашууда курман болгон.

Султанбаев ошондой эле согуш жылдарындагы кыргызстандык аялдардын салымын баса белгилеп, оорукта (тылда) фронтту бардык керектүү нерселер менен камсыз кылган энелердин жана чоң энелердин эмгегин белгиледи.

Мындан тышкары, дипломат согуш жылдарында Кыргызстан Советтер Союзунун туш тарабынан эвакуацияланган жарандарды кабыл алганын, алардын көбү балдар болгонун эске салды. Бул жагынан ал блокададагы Ленинграддан келген 150 баланы багып алган Токтогон Алтыбасарованы атап өттү.

Элчи Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктардын элесин сактап келгендиги үчүн беларус тарапка ыраазычылык билдирди.

Ал Минск шаарында Жумаш Асаналиевдин эстелиги орнотулуп, анын ысымы көчөгө берилгенин, ал эми 2024-жылы баатырдын ысымы №11 орто мектепке ыйгарылганын белгиледи.
Султанбаев белорус жеринде согушкан жана эркиндик менен көз карандысыздык үчүн жанын берген бардык жоокерлердин элесине белорустардын салттуу түрдөгү аяр мамилесин өзгөчө белгиледи.
«Тынчтыктын баасын белорустардан артык ким билет? Тынчтыкты белорустардан артык ким баалайт? Соккуну биринчилерден болуп бир тууган Беларус кабыл алып, согуштун бардык азап-тозокторун дал ушул өлкө башынан өткөргөн. Ошондуктан Беларусь Республикасынын гимни: «Биз, белорустар — тынчтыктын адамдарыбыз!» деген сөздөр менен башталат», — деп баса белгиледи дипломат.
Өз кезегинде КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко бул эскерүү митинги менен КМШнын Аткаруу комитети жана КМШ мамлекеттеринин Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңеши салттуу салтанаттуу иш-чараларды ачып жатканын айтты. Бул иш-чаралар ысымдары белорус борборунун көчөлөрүнө берилген жана эрдиктери Беларусту немис-фашисттик баскынчылардан бошотуу менен байланыштуу болгон Шериктештик өлкөлөрүнөн чыккан Советтер Союзунун Баатырларынын элесин түбөлүккө калтырууга арналган.
«Бүгүн Кыргыз Республикасынын кулунуна таазим кылуу менен бирге, биз кыргызстандыктардын Брест чебин, Москваны, Сталинградды коргоодо жан аябай салгылашканын, партизандык жана көмүскө (подпольное) кыймылдарга катышканын эстейбиз. Душман менен болгон салгылашууларда көрсөткөн каармандыгы жана баатырдыгы үчүн 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон», — деп эске салды Игорь Петришенко.