Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
Ошто токко урунган аскер каза болду
09.12.2019 | 10:52
Ошто токко урунуп ооруканага түшкөн аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 23 жаштагы ефрейтор 8-декабрь күнү саат 19:30да каза болгон. Ал № 92843 аскердик бөлүктө келишимдик негизде кызмат өтөп келген.
Аскер кызматкери 4-декабрда тактикалык машыгуудан кайтып келе жатканда токко урунган.
Бул окуя боюнча Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар