Ошто төрт жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Ошто төрт жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Ош облусунда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран баңгизат менен кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 20-январда Кара-Суу райондук милициясынын кызматкерлери “Б” аттуу жаран баңгизатты колдонуп, сактап жүргөндүгү туурасында ыкчам маалымат алышкан. Аталган окуя маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) каралган кылмыштын белгилери менен иш козголгон.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө “Б” Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын 33 жаштагы С.Б. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ал 21-январда Чоң-Алай районунун Шиман жайлоосунда изин жашырып, качып жүргөн жеринен кармалган. Тинтүү жүргүзүлгөн кезде жанынан кескин жыты бар заттар табылып алынган. Алынган заттарга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран тергөө кызматына жактоочусунун катышуусунда көрсөтмө берди. Шектүү буга чейин алдамчылык, жасалма документтерди даярдоо, бейбаштык, баңгизатты ири өлчөмдө сактоо боюнча төрт жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тергөө мезгилинде дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жанынан чыккан кагазга оролгон заттын таза салмагы 0,383 мг канабис чайыры – гашиш, ал эми күрмөсүнүн чөнтөгүнөн алынган зат 28,655 гр кургатылган марихуана экендиги аныкталды.

Шектүү Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>