Ошто тургун дээрлик 2 кг баңгизат менен кармалды (видео)

Ошто тургун дээрлик 2 кг баңгизат менен кармалды (видео)

Ош облусунун Кара-Суу районунда 44 жаштагы жаран дээрлик 2 кг баңгизат менен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-августта милиция Ош шаарынын 44 жаштагы тургуну К.И. айдап бараткан Mersedes-Benz унаасын токтотуп, тинтүүгө алган. Жыйынтыгында унаанын алдыңкы жүргүнчү отурган орундуктун алдынан 2 баштыкка оролгон зат табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертиза табылып алынган зат «нашаа» экенин көрсөткөн. Анын салмагы 1 кг 936,7 граммды түзгөн.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-берененин 1-бөлүгү (баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү 18-августта соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>