Өлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэри
Киров суу сактагычындагы суу бир күндө 1,1 млн куб метрге азайды
23.08.2023 | 16:29
Таластагы Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү бир күн ичинде 1,1 млн куб метрге азайды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылат.
Министрлик 22-августта берген маалыматка ылайык, суу сактагычта 14,5 млн куб метр суу болгон. Ал эми 23-августка карата суунун көлөмү 13,4 млн куб метрге чейин түшкөн. Ал эми былтыр 23-августта суу сактагычта 100,6 млн куб метр суу бар болгон.
Ошол эле учурда суу сактагычка агып кирген суу да көбөйбөй эле, ал секундасына 0,7 куб метрди түзүүдө. Ал былтыркы жылга караганда 13 куб метрге аз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом