Ош облусунда алдамчылыка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, шектүү катары 33 жаштагы И.И. аттуу жаран кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, былтыр 24-декабрда ал облус тургунуна “Корея өлкөсүнөн алынып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп беремин” деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, алдап кеткен деп шектелүүдө.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган адам мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.
“Учурда анын башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө. Уюшкан кылмыштулукка каршы күрөшүү уланууда”, — деп билдиришти милициядан.