Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Ошто тургундан 9 миң доллар алып, алдап кеткен шектүү кармалды
31.01.2024 | 10:58
Ош облусунда алдамчылыка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, шектүү катары 33 жаштагы И.И. аттуу жаран кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, былтыр 24-декабрда ал облус тургунуна “Корея өлкөсүнөн алынып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп беремин” деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, алдап кеткен деп шектелүүдө.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган адам мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.
“Учурда анын башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө. Уюшкан кылмыштулукка каршы күрөшүү уланууда”, – деп билдиришти милициядан.