Балыкчыдагы жол кырсыгы. Кызды сүзгөн милиционер мас болгону айтылды

Балыкчыдагы жол кырсыгы. Кызды сүзгөн милиционер мас болгону айтылды

Балыкчыда 11 жашар кызды сүзүп кеткен ага-ини милиционердин экөө тең милдеттүү түрдө жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов билдирди.

Анын айтымында, кырсыктан кийин депутат өзү Балыкчыда болгон. Шаардык милиция, прокуратура ишти жашыруу аракетин көргөн.

«Мен сүзүп алдым деген милиционер бир заматта жок болуп кетип, 100дөй адам аны прокуратура менен ички иштер бөлүмүнүн ортосунда издеп жүрдүк. Түнкү саат 2де аны алып келишти. Көрсө үйүндө олтуруптур. Эмнеге прокуратура ишти жашыруу аракетин көрдү? Ошол жерде мага жеткен маалымат боюнча кылмышка шектүү ШИИБнын жетекчиси эртең менен курулуш материалдарын сатып алганы Бишкекке кеткен экен. Неге ал ишин таштап базарга кетет? Ал саат 2ге чейин каякта жүрдү», — дейт ал.

Эрулан Көкүловдун маалыматында, Балыкчы шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев жол кырсыгына кабылган унаа 10-15 күн мурда эле ага пайдаланууга берилген.

«Жетекчи мас абалында барып кызды сүзгөн. Анын иниси дагы жалган көрсөтмө берип, ишти бурмалоо аракетин көргөнү үчүн жоопко тартылышы керек. Андан сырткары жандандыруу бөлүмүнүн даарыгери дагы жоопко тартылсын. Анткени парламенттин депутаты менен антип сүйлөшүүгө болбойт жана жашы жете элек баланын өкүлү сөзсүз жанында болушу керек», — деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, окуя 26-январда болгон. Кызды сүзүп кеткен шаардык милициянын кызматтык унаасында эки милиция кызматкери — Балыкчы шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев жана Бекзат Казаков болгону аныкталган.

Окуядан кийин Бектур Осмонбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Балыкчыдагы жол кырсыгы. Кыздын атасы эмнеге тосмо арыз жазганын айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>