Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Ошто унаа жуучу жайдан акча уурдагандар видеого түшүп калган
16.01.2024 | 10:49
Ош шаарында “Өзүң жуу” унаа жуучу жайларынан акча уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, белгисиз адамдар аталган унаа жуучу жайлардагы акча салуучу аппараттарды талкалап, акчаларды уурдап жүргөн. Кылмыштуу топ 5 факт боюнча издөөдө жүргөн.
Бул кылмышка шектүү катары 26 жаштагы К.В., 30 жаштагы Б.Ш. жана 25 жаштагы М.И. кармалган. Милициянын версиясы боюнча М.И. аттуу жаран аталган топтун уюштуруучусу болгон. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Мурда 3 жолу соттолгон.
Тергөө учурунда ууруларга тиешелүү темир буюмдар, кол каптар, бычактар, коротууга жетишпей калган акчалары табылып алынган.