Милиция 10 журналисттин үйүн тинтип, суракка алып кетти. ИИМ үн катты

Милиция 10 журналисттин үйүн тинтип, суракка алып кетти. ИИМ үн катты

Ички иштер министрлиги бүгүн журналисттердин үйлөрүндө болгон тинтүү жана суракка алынып кетиши боюнча үн катты.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2023-жылы 30-декабрда милиция интернетте мониторинг жүргүзүп жатып, «Айт Айт Десе» жана Temirov Live’дын соцтармактагы баракчаларынан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган маалымат тапкан. Бул маалымат боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн ИИМдин тергөө кызматы териштирүү баштап, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы 12-январда чыгып, анда «Айт Айт Десе», Temirov Live баракчаларындагы материалда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар» деп айтылган.

“Аталган экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча кылмыш ишин козгоп тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча бир катар ыкчам тергөө иликтөө иш чараларын улантууда”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда жана азыр иштеп жаткан кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан кийин суракка алып кеткен. Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темиров билдиргендей, учурда милицияга он журналист жеткирилген: Тыныстан Асыпбек («ПолитКлиника»), Актилек Капаров («Алга Медиа»), Азамат Ишенбеков («Айт айт десе» долбоорундагы акын), Жоодар Бузумов, Сайпидин Султаналиев («Арча Медиа»), Сапар Акунбеков («Айт айт десе»), Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы жана Temirov Live’дын директору), Айке Бейшекеева, Жумабек Турдалиев.

Ошондой эле Temirov Live’дын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнү белгилүү.

«Айт Айт Десе» жана Temirov Live бийликтеги адамдар тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып, бийликке сын айтып келгени менен белгилүү.

«Политклиника» жана Temirov LIVE медиасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүрүүдө

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>