Мэрия Бишкектин Киев көчөсү кандай болуп өзгөрөрүн маалымдады

Бишкекте Киев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жөө жүргүнчүлөргө, коомдук транспортко жана велосипед кыймылына артыкчылык берилген коридор түзүлөт. Шаар мэриясы «Жашыл мобилдүүлүктүн пилоттук коридору» долбоорунун алкагында аталган көчө кандай болуп өзгөртүлөрүн билдирди.
Долбоордун алкагында Киев көчөсүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер жана велосипед жолдору курулат. Ошондой эле тротуарлар кеңейтилип, жаңыланат. Аймакта эс алуу жайлары уюштурулуп, жашылдандыруу жана жарыктандыруу системалары толугу менен жаңыланат. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жүрүүсү үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.
Мэриясынын маалыматы боюнча, курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалууда. Негизги жумуштарга чейин Киев көчөсүнүн астындагы инженердик коммуникацияларды жана жылуулук түйүндөрүн алмаштыруу боюнча иштер аткарылат. Жакынкы убакта Ибраимов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки аралыкта жылуулук түйүндөрүн алмаштыруу башталат.
Мэрия бул демилге Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырыларын жана ал Бишкекте заманбап, коопсуз жана экологиялык жактан туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталганын кошумчалады.