Эксклюзив

«Кыргызстандын тоолорунан Ааламды карай алдыга». Астроном Сурдин — кара тешиктер жана убакыт боюнча саякат тууралуу

24.08.2026 | 17:03
«Кыргызстандын тоолорунан Ааламды карай алдыга». Астроном Сурдин — кара тешиктер жана убакыт боюнча саякат тууралуу — Новости Кыргызстана

21-августтан 23-августка чейин Бишкекте Milmax Science Bishkek 2026 илимий-агартуучулук фестивалы өттү. Улуттук тарых музейинде белгилүү окумуштуулар жана илимди жайылтуучулар чогулду. Программада космоско, адамга жана медицинага арналган лекциялар жана интерактивдүү иш-чаралар орун алды.

Фестивалдын катышуучуларынын бири — советтик жана орусиялык астроном, илимди жайылтуучу, физика-математика илимдеринин кандидаты, П.К.Штернберг атындагы Мамлекеттик астрономиялык институттун улук илимий кызматкери, ММУнун (МГУ) физика факультетинин доценти Владимир Сурдин болду.

Кара тешиктер жана убакыт боюнча саякаттоо тууралуу лекциясынын алдында ал Reporter.kg’нин кабарчысына Кыргызстандын тоолору астрономиялык байкоолор үчүн эмнеси менен ылайыктуу экенин, өткөн чакка барууга болор-болбосун жана заманбап физика кара тешиктердин кандай сырларын азырынча чече албай жатканын айтып берди.

— Владимир Георгиевич, Кыргызстан астрономиялык байкоолор жана астрономияны өнүктүрүү үчүн өлкө катары кандайдыр бир өзгөчөлүккө ээби (уникалдуубу)?

— Кандай гана тоолуу өлкө болбосун, ал эми Кыргызстан — дал ушундай өлкө, астрономия үчүн абдан кызыктуу. Биз үчүн асманга канчалык жакын (бийик) болсо, ошончолук жакшы: аба тазараак жана тунук болот. Биз, албетте, тоолордо иштөөнү кыялданабыз.

Заманбап Орусияны айтпаганда да, мурдагы Советтер Союзунун аймагында да тоолуу райондор анча көп эмес, алардын баары эле байкоо жүргүзүүгө ылайыктуу боло бербейт. Бир жерде шамал өтө катуу, башка жерде нымдуулук жогору. Кыргызстанда жакшы тоолор бар.

Бул жерде туруктуу иштеген обсерваториянын жоктугу абдан өкүнүчтүү. Мен Кыргызстанда астрономияга кызыккандар, алардын өзүнүн клубу бар экенин жана алар байкоо жүргүзүү менен алектенишерин билем. Бирок, баары бир ышкыбоздук астрономия кесипкөй астрономияны алмаштыра албайт.

Кыргызстандын тоолорунан Ааламды изилдей турган илимий борбор түзүүнү абдан каалайт элем. Бул үчүн чынында эле ыңгайлуу шарттар бар: өлкө кыйла түштүктө жайгашкан, тоолору бийик, абасы таза, өнөр жайы аз — бул астрономиялык байкоолор үчүн өтө маанилүү. Жалпысынан алганда, Кыргызстандын тоолорунан Ааламды карай алдыга!

— Сиздин келишиңиздин максаты — илимий фестивалга катышуу. Бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрүндө илимди канчалык деңгээлде жайылтып жатышат жана муну менен кимдер алектенет?

— Биз муну жасоого аракет кылып жатабыз. Илим негизинен университеттерде топтолгон, бирок бардык эле шаарларда күчтүү илимий жана билим берүү чөйрөсү боло бербейт. Ошондуктан окумуштуулар жана мугалимдер ар кайсы аймактарга барып, билимдери менен бөлүшүп, лекцияларды окуп, жаштарды илимге кызыктырууга аракет кылышат.

Кыргызстандык жаштардын да жакшы билим алууга умтулуусун каалайт элем — Кыргызстанда гана эмес, Орусияда, Европада, Америкада да. Кыскасы, кайда жакшы окутса, ошол жерде билим алышсын.

— Сиздин сүйлөй турган лекцияңыздын темасы — кара тешиктер жана убакыт боюнча саякат. Сырдуу угулат экен. Сөз эмне тууралуу болмокчу?

— Убакыт боюнча саякаттоо реалдуу түрдө мүмкүн. Азырынча теориялык жактан гана. Техникалык жактан биз муну жасай элекпиз, бирок негизинен бул кантип мүмкүн болорун түшүнүп калдык. Бул жерде кара тешиктер абдан маанилүү ролду ойнойт.

Биз убакыт боюнча алдыга саякаттоону билебиз, ал эми артка, өткөн чакка — азырынча жок. Бирок каалайт элек. Бул жагынан бизге кара тешиктер гана жардам бере алат.

— Кара тешик деген эмне экенин жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп бере аласызбы?

— Кара тешик — бул абдан массивдүү жана тыгыз объект. Анын көлөмү кичинекей, бирок тартылуу күчү ушунчалык күчтүү болгондуктан, ал өзүнөн эч нерсени чыгарбайт.

Эгерде кара тешик абсолюттук боштукта болсо, биз аны жөн эле көрмөк эмеспиз: андан эч нерсе учуп чыкпайт. Бирок табиятта мындай дээрлик болбойт — анын айланасында дайыма ал өзүнө тартып турган кандайдыр бир зат болот.

Окумуштуулар кара тешиктердин радиосүрөттөрүн алышканда, сөз алп объекттер жөнүндө болгон. Биздин Галактиканын борборунда массасы болжол менен төрт миллион Күнгө барабар болгон кара тешик жайгашкан, ал эми коңшу галактиканын борборунда — болжол менен алты миллиард Күн массасындай кара тешик бар. Алардын канчалык чоң объекттер экенин элестетип жатасызбы?

Алардын айланасында жылдыздар аралык газ жана жылдыздар айланып жүрөт. Эгерде жылдыз өтө жакын өтсө, кубаттуу толкун күчтөрү аны талкалап, затын газга айландырышы мүмкүн. Андан кийин ал кара тешикке кулап, бир аз убакыт анын айланасында айланып, анан ичине сорулуп кирип кетет.

Газ өтө катуу ылдамдыкта жылып, анын катмарлары бири-бирине сүрүлүп, ысып, жаркырай баштайт. Ошондуктан сүрөттөрдөн биз кара тешиктин өзүн эмес, ага кулап түшүп жаткан ысык заттын жаркырап турганын көрөбүз. Ал аккрециялык диск деп аталган нерсени түзөт. Аккреция — бул дал ошол заттын кулоо, сорулуу процесси.

Мындай газ диски абдан ысык жана ар кандай диапазондордо — оптикалык, рентгендик, ультрафиолеттик нурларды бөлүп чыгарат. Бул жаркыроонун мүнөзүнө карап, биз борбордо кара тешик бар экенин түшүнөбүз.

Кептин баары, анын жанында жарык катуу сынып, нурлар өтө татаал траекториялар боюнча кыймылдайт. Ошондуктан бул жаркыроонун сырткы көрүнүшү алдыбызда дал ошол кара тешик турганын так аныктоого мүмкүндүк берет.

— Ал эми анын ичинде эмне бар? Окумуштуулар муну түшүнөбү?

— Салыштырмалуулук теориясы азырынча кемчиликсиз иштеп жатат. Анын жардамы менен кара тешиктин ичинде эмне болушу керектигин да эсептеп чыгууга болот. Бирок бул эсептөөлөрдү текшерүү азырынча мүмкүн эмес: ал жакка эч ким сүңгүп кирген эмес. А эгер кирген күндө да, бизге эч нерсе билдире албайт — эч бир аппарат сыртка маалымат бере албайт. Бул, албетте, чоң табышмактардын бири.

Негизинен ар бир физикалык теориянын өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чеги болот. Мектепте окутулган Ньютон механикасын алалы. Кадимки шарттарда ал эң сонун иштейт: унаалардын, поезддердин, ракеталардын кыймылын эсептөөгө мүмкүндүк берет. Бирок окумуштуулар айрым учурларда анын божомолдору байкоолор менен дал келбестигин байкашкан. Мисалы, кээ бир планеталар Ньютондун мыйзамдарына ылайык болушу керек болгондой кыймылдабайт. Демек, жаңы теория керек болду.

Эйнштейн гравитациянын кыйла өркүндөтүлгөн теориясын — жалпы салыштырмалуулук теориясын түзгөн. Ал көп жолу текшерилген жана азырынча биз байкап жаткан кубулуштарды кемчиликсиз сүрөттөп келет. Бирок кара тешиктин ичиндеги шарттар ушунчалык экстремалдуу болгондуктан, ал жакта Эйнштейндин теориясы да иштебей калышы мүмкүн. Маселе ушунда — аны азырынча текшерүү мүмкүн болбой жатат.

— Ичинде эмне болуп жатканын эмне үчүн биле албайбыз?

— Сыртка эч нерсе кайтып чыга албай турган чек бар. Бул катуу нерсенин бети сыяктуу көнүмүш маанидеги бет эмес, массивдүү объекттин айланасындагы белгилүү бир аймак. Ал окуялардын горизонту деп аталат.

Эйнштейндин теориясына ылайык, эгерде зат окуялардын горизонтунун ары жагына өтүп кетсе, анын андан ары кысылышын токтотуу мүмкүн эмес.

— Ал кайсы чекке чейин кысылышы мүмкүн?

— Эйнштейндин теңдемелери — нөлгө чейин дейт. Бирок табиятта мындай болбошу керектигин түшүнөбүз: физикалык реалдуулукта биз чексиздиктерди да, абсолюттук нөлдөрдү да күтпөйбүз. Демек, кайсы бир этапта ушундай экстремалдуу шарттарда зат менен эмне болорун түшүндүргөн жаңы физикалык принциптер пайда болушу керек.

Кыязы, бул үчүн эки фундаменталдык теорияны — кванттык механика менен Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясын бириктирүү зарыл. Алар биригип, кара тешиктин ичиндеги процесстерди сүрөттөп бере алмак. Бирок азырынча аларды толук кандуу бириктире турган теорияны түзүү эч кимдин колунан келе элек.

Кванттык механика микро дүйнөнүн процесстерин эң сонун сүрөттөйт, бирок гравитацияны дээрлик эске албайт. Жалпы салыштырмалуулук теориясы болсо, тескерисинче, гравитациялык кубулуштарды эң сонун түшүндүрөт, бирок кванттык процесстерди сүрөттөбөйт.

Ал эми кара тешиктин ичинде эки теория тең бир убакта иштеши керек: ал жерде заттын эбегейсиз тыгыздыгы жана өтө күчтүү гравитация бар. Табияттын бул эки сыпаттамасын кантип бириктирүүнү физиктер азырынча билишпейт. Бул жана башка көптөгөн нерселер тууралуу мен лекциямда айтып берем.

— Чоң рахмат жана ийгилик.

Анара Мамытова

Кыргызстандын тоолорунан Ааламды изилдей турган илимий борборду ушул жерде түзүүнү абдан каалайт элем.

Владимир Сурдин

Что скрывают черные дыры? Астроном Владимир Сурдин — о тайнах Вселенной — Новости Кыргызстана

Советтик жана россиялык астроном

Scroll to Top