Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Идлибде орус-сирия операциясынан миңдеген адам көз жумду
08.07.2019 | 09:54
Идлибде орус-сирия операциясынан миңдеген адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында өкмөттүк аскерлердин орусиялык өнөктөштөрү менен жасаган чабуулунан 500дөй карапайым жашоочу каза болуп, эки миңден ашууну жаракат алды. Бул кагылуушуу мындан эки ай мурда башталган.
Укук коргоочулардын айтымында, орусиялык жана сириялык аскерлер жөнөкөй жашоочуларга атайлап сокку уруп, ооруканаларга бомба таштоодо.
Аталган аймакта 3 миллиондон ашык киши жашайт. Аскердик операциялар башталгандан бери 300 миң адам качып кеткен. Өз жеринен качып кеткендер Түркия менен чек аралаш жерге барышкан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар