Кытай кыргызстандыктар үчүн визасыз режимдин эки жаңы түрүн киргизди

20.08.2026 | 10:31
Кытай кыргызстандыктар үчүн визасыз режимдин эки жаңы түрүн киргизди — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 20-августтан тарта Кытайдын Улуттук иммиграциялык органы Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режимдин эки жаңы түрүн киргизди. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Жаңы эрежелерге ылайык, кыргызстандык жарандар Кытайдын аймагы аркылуу 10 күнгө (240 саат) чейин визасыз транзит менен өтө алышат. Бул тартип 65 өткөрүү пунктунда, анын ичинде Пекин жана Шанхай шаарларынын аэропортторунда колдонулат. Транзиттик режимди пайдалануу үчүн үчүнчү өлкөгө учуу күнү жана багыты тастыкталган авиабилеттин болушу талап кылынат. Сапар учурунда белгиленген транзиттик аймактардан чыгууга жол берилбейт.

Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандары Хайнань аралында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул режим Хайнань провинциясына баруу үчүн гана жарактуу.

Аталган жеңилдиктер туристтик жана транзиттик максаттагы сапарларга гана жайылтылат. Эмгек ишмердүүлүгү, окуу же журналисттик иш боюнча бара жаткан жарандар визаны мурдагыдай эле алдын ала тариздөөгө милдеттүү.

Теги: Виза, Кытай
Scroll to Top