Ошто жылдын мыкты мугалими менен тарбиячысына унаа тапшырылды

Ошто жылдын мыкты мугалими менен тарбиячысына унаа тапшырылды

Бүгүн, 26-сентябрда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында “Жылдын мыкты мугалими-2023” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” кароо-сынагынын финалдык бөлүгү болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан билдиришти.

Аталган кароо-сынактын финалында шаар мектептеринин, бала бакчалардын 6 мугалими жана 6 тарбиячысы мыкты деген наам үчүн ат салышып, презентациялар, окуу процессиндеги оор кырдаалдан чыгуу жолдору жана таланттар сынактары боюнча таймашышты.

Иш-чаранын ачылышына жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аматова жана билим берүү кызматкерлери катышты.

Сынактын жыйынтыгы менен Ош шаары боюнча «Жылдын мыкты мугалими-2023» номинациясында жеңүүчү деп №37 Г.Айтиев мектебинин мугалими Элнура Алекова аталды, ал эми «Жылдын мыкты тарбиячысы-2023» номинациясында №35 Асан-Үсөн балдар бакчасынын тарбиячысы Мээрим Тыныбекова жеңүүчү деп табылды. Аларга Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды.

Калган катышуучуларга акчалай сыйлыктар, ыразычылык барактар жана дипломдор ыйгарылды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>