Кыргыз-казак өкмөттөрү данды үзгүлтүксүз жеткирүүнү макулдашты

Кыргыз-казак өкмөттөрү данды үзгүлтүксүз жеткирүүнү макулдашты

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинде социалдык маанидеги жүктөрдү — дан, май, кант жана күйүүчү-майлоочу майды үзгүлтүксүз жеткирүү макулдашылганын билдирди.

Тиешелүү протоколго 23-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынында кол коюлган. Жыйында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек арада жүктөрдү негизи жок кармоолорду токтотуп, тоскоолдуксуз өткөрүү керектигин айткан.

Кыргызстанда ушул айда Казакстандан ташылып келген ундун баасы кымбаттады. Буга чейин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет.

Август айынын соңунда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде жүк ташыган машиналардын узун кезеги пайда болгон. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги мындай абал үчүн Казакстанды «Евразия экономикалык биримдигинин эрежелерин сактабай жатат» деп айыптаган.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз иштерге каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>