Бишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 28-октябрда, Бишкек шаарында коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, КРдин билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери Розетта (Роза) Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Роза Айтматова 26-октябрда 89 жашында көз жумган. Ал мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун кызы жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы.
Коштошуу зыйнатына Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, экс-президент Роза Отунбаева, коомдук ишмерлер Роза Акназарова, Рыскелди Момбеков, Кайрат Иманалиев, ошондой эле жакындарынын атынан Аскар Айтматов жана башка кесиптештери катышты.
Иш-чаранын катышуучулары маркумдун илим, билим берүү тармагындагы ишмердигин, коомдук эмгегин эскерип, үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтышты.