Оштогу бала бакчада 5 жаштагы кызды ийне менен сайып сабашкан

Оштогу бала бакчада 5 жаштагы кызды ийне менен сайып сабашкан

Оштогу бала бакчалардын биринде 5 жаштагы кызды сабап, ийне менен сайып урушкан. Бул тууралуу Instagram социалдык тармагынын колдонуучусу Бегимай Гүлназ билдирген.

Белгилүү болгондой, жабыркаган кыз «Жасмин» жеке менчик бала бакчасына барат. Апасына саат 16:00дө телефон чалышып, кызынын уктабай жатканын, секирип жатып өзү шприц ийнесин сайып алганын айтышкан.

«Менин кызымды аябай катуу сабап кыйнашыптыр. Мен муну эч кимге каалабайт элем.Териштирүүдө Динара (баланы сабады делген бала бакчанын эсепчиси) орой мамиле жасабаганын, колун да тийгизбегинин айтып, далилдеп жатат, бирок факты бетинде. Ал видеокөзөмөлдөөчү камералары жок уктоочу бөлмөгө сүйрөп кирип, уктап жаткан балдардын көзүнчө менин кызымды сабаган. Көптөгөн энелер балдары көргөнүн айтып беришти, күбөлөрүбүз бар. Ал аялдын күйөөсү келип, компенсация төлөөгө даяр экендигин билдирип, арыз жазбай бул ишти бүтүрүүнү өтүндү. Бала бакчанын жетекчилиги эч качан кечирим сурап же түшүндүрмө берген жок! Биз кичинекей кызыбыз үчүн атам экөөбүз аягына чейин барабыз», — деп жазган ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>