Оштон уурдалган автомашина Ала-Букадан табылды

Оштон уурдалган автомашина Ала-Букадан табылды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери 31-март күнү Ала-Бука районунан автоууруну кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, ал өз арызында 28-марттан 29-мартка караган түнү  Ош шаарынын  Күкүм-Бий  көчөсүндө токтоп турган жеринен белгисиз атуулдар ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган  факт боюнча иш ачылып, автоунааны жана аны уурдап айдап кеткен адамды издөө иштери башталган.

Натыйжада алынган ыкчам маалыматтардын негизинде бул автомашинаны уурдоого шектүү жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан кармалды. Ал 1993-жылы туулган  Ош шаарынын тургуну  К. уулу А. болуп чыкты. Шектүү  машинаны сатууга үлгүрбөй калган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаа ээсине кайтарылып берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>