Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Оштун экс-вице-мэри жана дагы үч жетекчиси кармалды
24.07.2024 | 14:58
Ош шаарынын экс-вице-мэри Жасур Азимов, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ильяс Сансызбаев, Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошевдин жана Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ашим Семетеев кармалды.
Reporter.kg’ге Ош шаардык соту муниципалитетте мурда иштеп кеткен төрт жаран кармалганын ырастады. Аларды УКМК кызматтык абалына кыянаттык кылууга шектөөдө.
Мурдагы аткаминерлер 18-сентябрга чейин камакка алынды.
Коопсуздук комитети бул боюнча маалымат бере элек.
Рубрики: Коом