Кезек күтүүсүз экология: Кыргызстанда Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматтарын төлөө кантип жөнөкөйлөтүлдүБааларды жөнгө салуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдүИсламдык каржылоону жөнөкөйлөтүү пландалууда. Жарандык кодекске өзгөртүүлөр үчүнчү окуудан өтүүдөЖеке маалыматтарды бузуу үчүн айып пулдар Цифралык кодекске шайкеш келтирилетКыргызстанда провайдерлерди колдонуучулардын маалыматтарын ачыктоого милдеттендиришет – кенен маалыматЖогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди
Оштун коменданты спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салды
15.04.2020 | 14:32
Ош облусундагы өзгөчө абал киргизилген аймактарда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды.
Тиешелүү буйрукка комендант Малик Нурдинов кол койгонун облус комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти.
“Өзгөчө абал киргизилген Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузган жарандар, унаа башкарган жана жол кырсыктарына кабылган айдоочулар көпчүлүк учурда мас абалда болуп жаткандыктан, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат. Буйруктун аткарылышын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош шаары, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы түзүмдөрү, ИИМдин түзүмдөрү көзөмөлдөйт жана камсыздайт”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом