Ойлонбой коротуунун ордуна алтын: коротуу адатын кантип топтоо адатына айлантуу керек

01.06.2026 | 18:16

Өзүң менен ала кетүүчү кофе, жеткирип берүү кызматтары, дүкөндөн пландаштырылбаган сатып алуулар — өз-өзүнчө алганда мындай чыгымдар анча деле чоң эместей сезилет. Бирок айдын аягында дал ушул майда-чүйдөдөн топтоого багыттаса боло турган кыйла сумма куралат.

Мындай варианттардын бири — алтын. Бул актив салттуу түрдө узак мөөнөттүү келечекте аманаттардын бир бөлүгүн сактап калуунун жолу катары каралат.

Эмне үчүн көбү алтынды тандашат?

Алтын ондогон жылдар бою суроо-талапка ээ актив бойдон калууда жана экономикалык белгисиздик учурунда инвесторлордун көңүлүн көп бурат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын май айында бир грамм алтындын баасы 14 031 сомго жетти. Акыркы бир жылда алтындын баасы 30,2%га* өстү, бул аталган инструментке болгон жогорку кызыгууну түшүндүрөт.

Муну менен катар, бүгүнкү күндө алтын сатып алуу үчүн куймалардын, сейфтердин жана чоң суммадагы каражаттын кереги жок.

Смартфондогу алтын

MBANK’тан алтынды ээси көрсөтүлбөгөн металл эсеби (ЭКМЭ) аркылуу сатып алууга болот. Металл сиздин эсебиңизде грамм менен эсепке алынат, ал эми бардык операциялар тиркеменин өзүндө жеткиликтүү.

Мындай форматтын артыкчылыктары:

  • 0,1 граммдан баштап — өзүңүзгө ыңгайлуу сумма менен баштасаңыз болот.
  • Сактоосуз — куймалардын коопсуздугу же сакталышы боюнча кабатырлануунун кереги жок.
  • Ыңгайлуу башкаруу — сатып алуу жана сатуу операциялары түздөн-түз тиркемеде жеткиликтүү.
  • Каражатка тез жетүү — зарыл болгон учурда алтынды банкка учурдагы курс менен сатууга болот.

Алтынды кантип сатып алуу керек?

  1. MBANK тиркемесин ачыңыз.
  2. «Металлдар» → «Алтын» бөлүмүнө өтүңүз.
  3. Учурдагы курс менен таанышыңыз.
  4. Граммдын санын көрсөтүңүз.
  5. Сатып алууну ырастаңыз.

Операция аяктагандан кийин алтын сиздин металл эсебиңизге чегерилет.

Чоң топтоолорго карай чакан кадамдар

Каражат топтоо ар дайым эле ири суммалардан баштала бербейт. Кээде бош турган акчанын аз гана бөлүгүн узак мөөнөттүү максаттарга үзгүлтүксүз багыттап туруу жетиштүү. Алтынды 0,1 граммдан баштап сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн аркасында, алгачкы кадамды түздөн-түз MBANK тиркемесинде бир нече мүнөттүн ичинде жасоого болот.

* КР УБдин 2025-жылдын май айынан 2026-жылдын апрель айына чейинки мезгил аралыгындагы алтындын баасынын динамикасы тууралуу маалыматы боюнча.

MBANK – биринчи санариптик.
КР УБ №014 лицензиясы.

Scroll to Top