Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду төрт жылда 100 млн долларлык 37 долбоорду жактырды

Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев Кыргызстан–Өзбекстан бизнес-форумунда фонддун төрт жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин форуму жыл сайын өткөрүлүүчү салтка айланып, Өзбекстандын президентинин мамлекеттик сапарынын алдында уюштурулуп келет.
«Бүгүнкү Кыргызстан–Өзбекстан бизнес-форуму жаңы долбоорлорду баштоого кызыкдар болгон, каржылоо алууну жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеген ишкерлерди бириктирген аянтча болуп саналат», — деди Аалиев.
Ал белгилегендей, фонд төрт жыл ичинде энергетика, транспорт, социалдык тармак, техникаларды жеткирүү, тигүү тармагын каржылоо, ошондой эле Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга тетиктерди жеткирүү сыяктуу экономиканын ар кыл тармактарындагы 37 долбоорду жактырган.
Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы наркы 100 млн доллардан ашат. Алардын ичинен тогуз долбоор толугу менен аяктап, ишкерлер фонддон алынган насыяны толук кайтарып беришкен.
Учурда фонд жалпы суммасы болжол менен 100 млн долларды түзгөн дагы 11 жаңы долбоорду карап жатат. Аалиев форумдун жыйынтыгында фонд жаңы кардарларды тартат деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле ал буга чейин долбоорлорду АКШ долларында гана каржылап келген фонд жакында эле улуттук валюта — сом менен каржылоого да уруксат алганын маалымдады. Анын айтымында, бул чет элдик валютадагы насыяларга мүнөздүү болгон валюталык тобокелдиктерди азайтып, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.