МСК салык төлөөчүлөрдү ЭСФ 2.0 пилоттук долбооруна кошулууга чакырды

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү «Электрондук эсеп-фактура 2.0» пилоттук долбооруна алдын ала кошулууга чакырат. Долбоор 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып ишке ашырылып, Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы тескемесине ылайык алты айга созулат. Салык кызматынан билдиришкендей, азыр компаниялар жаңы механизмди иш жүзүндө сынап көрүп, өз сунуш-пикирлерин жөнөтө алышат.
Пилоттук долбоор жаңы механизмди сыноо, системанын туруктуу иштешин текшерүү жана чарбалык операцияларды каттоодо жаралган маселелерди аныктоо максатында ишке ашырылууда. Ошондой эле салык кызматы колдонуучулардан системанын функцияларын жакшыртуу боюнча сунуштарды күтөт.
Белгиленген тизмедеги товарларды саткан салык төлөөчүлөр үчүн долбоорго катышуу милдеттүү. Калгандары үчүн катышуу ыктыярдуу, бирок МСК пилоттук мезгилдин аягына чейин күтпөстөн, системага алдын ала кошулууну сунуштайт.
Долбоорго катышуу үчүн салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирип, «Электрондук эсеп-фактура 2.0» модулун ачып, «Виртуалдык кампаны түзүү» функциясын тандоо керек.
МСК учурдагы «Электрондук эсеп-фактура» системасы кадимки режимде иштей берерин эскертти. Пилоттук мезгил — ЭСФ 2.0 системасын мындан ары колдонууга өтүүдөгү аралык этап.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, долбоорго ыктыярдуу катышуу жаңы функцияларды алдын ала өздөштүрүүгө, товарларды эсепке алуу жана алардын кыймылын көзөмөлдөө боюнча ички процесстерди текшерүүгө, көйгөйлөрдү аныктоого жана жаңы механизмге өтүүгө даярданууга мүмкүндүк берет.