Өзбекстанда автогаз толтурган станциялардын иши токтотулду

Өзбекстанда автогаз толтурган станциялардын иши токтотулду

Өзбекстандын Энергетика министрлиги өлкөдөгү кескин суук аба ырайына байланыштуу газ куурларындагы басым төмөндөп жатканын билдирди.

Мындан улам мекеме суук күндөрү жаратылыш газын биринчи кезекте калкка, социалдык объектилерге жана электр энергиясын иштеп чыккан ишканаларга жеткирүү чараларын көрүүдө.

«Бул максатта айрым ири өнөр-жай ишканаларына газ берүү кескин азайтылып, автогаз толтуруучу компрессордук станциялардын иши кыска мөөнөткө убактылуу токтотулду. Ошол эле маалда суроо-талапты толук жабуу үчүн кошумча көлөмдө бензин жана дизель майы сатыла баштайт», – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Ал ортодо акыркы күндөрү «Өзбекмунайгаз» компаниясына таандык компрессордук станциялардагы газ сордуруучу агрегаттарда бир нече авария катталганы кабарланды. Компаниянын маалыматына караганда, аварияларга электр түйүндөрүндөгү мүчүлүштүктөр жана шар клапандары менен түтүктөрдүн тоңуп калышы себеп болгон. Мындан улам компрессордук станциялардагы газ сордуруучу агрегаттар авариялык түрдө ишин токтоткон.

Компаниядан токтоп калган агрегаттардын жана технологиялык түзүмдөрдүн ишин калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын кошумчалашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>