Өзбекстанда эки компания ширеңкенин кутуларына аз чий салып, миллиондорду тапкан

Өзбекстанда эки компания ширеңкенин кутуларына аз чий салып, миллиондорду тапкан

Өзбекстанда ширеңке чыгарган эки компания кутуга чийлерди аз салып, миллиондогон сум акча тапкан. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин басылмалары жазды.

Өлкөнүн Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитети Up Match компаниясы чыгарган Jeep аталышындагы жана Atlas-Invest’тин Gugurt аталышындагы ширеңлерин сатып алып, текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында аталган компаниялар ар бир кутуга 11-17 чийден кем салып жүргөнүн аныктаган.

Маселен Up Match бир жумада эле (22-29-апрелде) 150 млн сумга ширеңке сатып, мыйзамсыз жол менен 45 млн сум акча тапкан.

Ошондой эле Atlas-Invest 66 млн сумга ширеңке сатып, мыйзамсыз жол менен 20,5 млн сум ашыкча акча тапкан.

Комитет компаниянын талапка жооп бербеген продукциясын сатыктан алууну тапшырган.

Аталган компанияларга мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>