ЖАМКтын психиатриялык мекемеси 844 млн сомго курулат

Кыргызстанда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 200 орунга ылайыкталган адистештирилген психиатриялык мекемесин түзүү сунушталууда. Долбоордун алдын ала баасы жабдуу жана ишмердүүлүгүн камсыздоого кеткен чыгымдарды кошкондо 843,9 млн сомго жакын деп эсептелген.
Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралууда. Документ жазаларды аткаруу жана саламаттык сактоо маселелери боюнча бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Жаңы мекеме сот тарабынан мажбурлап медициналык дарылоо чаралары белгиленген адамдар үчүн каралган. Мыйзам долбооруна ылайык, акыл-эси жайында эмес же чектелген абалда кылмыш же башка укукка каршы жосун жасаган, ошондой эле өкүм чыкканга чейин психикалык ооруга же убактылуу психикалык бузулууга кабылган адамдар ЖАМКтын адистештирилген психиатриялык мекемесинде дарыланат.
Маалымкат-негиздемеде мындай мекемени түзүү маселеси президенттин 2025-жылдын 26-сентябрындагы тескемесинен кийин иштелип чыга баштаганы айтылат. Анда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 200 орундуу мекеменин курулушуна эле 494,9 млн сом керектелет. Дагы 11,1 млн сомго жакын каражат эмерек, керебеттер, инвентарь жана башка керектүү жабдууларга жумшалат. Ошентип, объектти курууга жана алгачкы жабдууга жалпысынан 506 млн сомго жакын каражат талап кылынат.
Мекеменин ишин камсыздоо үчүн ЖАМК системасында 227 штаттык бирдик түзүү пландалууда. Кызматкерлердин бир жылдык эмгек акысына жана формалык кийимине 204,2 млн сомго жакын каражат керектелет.
Объектти кайтаруу үчүн дагы 72 штаттык бирдик каралган. Алардын арасында төрт офицер, 16 прапорщик жана сержант, ошондой эле мөөнөттүү кызмат өтөгөн 52 аскер кызматкери болот. Эсептөөлөрдө алардын эмгек акысына, тамак-ашына жана кийим-кечесине кеткен чыгымдар да каралган.
Мекеме үчүн үч Chevrolet Tracker, тез жардам унаасын, ассенизатордук жана өрт өчүрүүчү автоунааларды сатып алуу пландалууда. Күйүүчү май жана техникалык тейлөө чыгымдарын кошкондо бул максаттарга 37,2 млн сомго жакын каражат талап кылынат.
Бейтаптарды бир жыл багууга алдын ала эсеп боюнча 28 млн сомго жакын каражат керектелет. Ага тамак-аш, кийим-кече, коммуналдык кызматтар жана төшөнчү буюмдар кирет. Дагы 20,9 млн сом медициналык жабдууларга жана техникага талап кылынат. Жалпысынан мыйзам долбооруна тиркелген эсептөөлөрдө 843,9 млн сомго жакын сумма көрсөтүлгөн.