Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапар менен келди
22.06.2026 | 17:22

Бүгүн, 22-июнда, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. Аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул иш сапардын алкагында 23-июнда Адылбек Касымалиев менен Абдулла Ариповдун жетекчилиги астында эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 12-отуруму өтөт.
Жыйындар тар жана кеңейтилген курамда уюштурулуп, анда кызматташтыктын багыттары талкууланат. Отурумдун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Министрлер кабинети, Өзбекстан