Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирген.

Анын айтуусунда, иш сапардын так датасы азырынча белгисиз. Бул эки президенттин иш графигинен көз каранды.

«Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары тууралуу макулдашуу бар. Мөөнөтү дипломатиялык агымдар аркылуу такталууда. Учурда биз Өзбекстан тарапка сунуштачу инвестициялык долбоорлор, бир катар меморандум жана эки тараптуу келишимдердин долбоорлору даярдалып жатат. Сапарды уюштуруу эки президенттин иш графигинен көз каранды», — деди Нуран Ниязалиев.

Айрым маалыматтарга караганда, Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди Өзбекстанга берүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>