6-март күнү Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жаткан автоунаа токтотулду. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдирди.
Маалымаька караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу тилкесинде мамлекеттик чек арага жакын жерде Өзбекстандын аймагын көздөй бара жаткан «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Аны кыргыз жараны, 36 жаштагы М.А. башкарып бара жаткандыгы аныкталган.
Айдоочунун унаасына тийиштүү эч кандай документтери болгон эмес. Окуянын чоо-жайын тактоодо айдоочу унаасын Өзбекстанстандын аймагына мыйзамсыз айдап кетүүгө аракет кылганы белгилүү болду.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу жана унаа кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.