Өзгөн айланма жолунан өтүү акысы канча сом болору белгилүү болду

Өзгөн айланма жолунан өтүү акысы канча сом болору белгилүү болду

Ош облусунда салынып жаткан Өзгөн айланма жолунан өтүү акысы канча сом болору белгилүү болду.

Активист Бакыт Молдожанов «Фейсбукка» жарыялаган сүрөттөн көрүнгөндөй, аталган жолдон өтүү үчүн жеңил унаалар 200 сом, жүк ташыган чакан унаалар жана автобустар 350 сом жана жүк ташыган чоң унаалар 700 сом төлөйт.

Өзгөн айланма жолунан өтүү үчүн алына турган акы

Белгилей кетсек, Өзгөндөгү айланма жолдун узундугу 13,49 чакырымды түзөт. Анын курулуш иштери жыл башында башталган. Ал жакында ишке берилери айтылууда.

Буга чейин Temirov live каналы Өзгөндөгү айланма жолду кимдер куруп жатканы тууралуу иликтөө чыгарган. Иликтөөдө аталган жолду Тай-Мурас Ташиев менен Аскарбек Каландаров негиздеген «Тез жол» жана «Жагалмай» компаниялары тарабынан салып жатканы айтылга. «Жагалмай» компаниясы Таймурас Ташиев менен мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов ачкан «Гранд Холдинг» компаниясы тарабынан негизделген. Өзгөндөгү айланма жол Кыргызстандагы биринчи акы төлөнүүчү жол болуп, андан түшкөн пайданы мамлекет менен аталган эки компания алат.

Президент Садыр Жапаров аталган жолду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев салып жатканын ырастаган.

Башкы сүрөт: Исхак Туратбеков

Президент Өзгөндөгү айланма жолду Ташиевдин уулу куруп жатканын ырастады

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>