Чүй облусунда жасалган корей салаттары Казакстанга жана Өзбекстанга экспорттоло баштады
Чүй облусундагы «Айжен Компани» компаниясы коңшу өлкөлөрдүн рынокторуна продукцияны үзгүлтүксүз жеткирүүнү жолго койду. Ишкана 10 жылдан бери корей салаттарын өндүрүү менен алектенип, өздүк күнөсканасында жашылчаларды өстүрүүдөн баштап, аларды өнөр жайлык кайра иштетүүгө чейинки толук циклди камсыз кылат.
Өндүрүштүк кубаттуулукту кеңейтүү үчүн заводго Кытайдан заманбап жабдуулар алынып келинген, алар суткасына 4 тоннага чейинки капустаны кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, чийки зат компанияга таандык 9 гектар аянтта өстүрүлөт, бул сапатты көзөмөлдөөгө жана жеткирүүнүн туруктуулугуна кепилдик берет.
Цехтин 12 кызматкери күн сайын 1,5 тоннага чейин даяр продукция өндүрүшөт. Технологиялардын так сакталышынын аркасында салаттардын жарактуулук мөөнөтү 40 күндү түзөт, бул аларды Кыргызстандын ичинде гана эмес, Казакстан менен Өзбекстандын ири соода түйүндөрүндө да ийгиликтүү сатууга жол ачат.